Гүлжайна Атаканова, куудул: «Күйөөм менен ажырашсам да аны сыйлайм, жакшы көрөм…»

Куудул,  алып баруучу Гүлжайна Атаканова массалык маалымат каражаттарынын бирине өзүнүн жеке жашоосун ачыкка чыгарып, үй-бүлөсү тууралуу айтып берген жери бар.  Анда, «Күйөөм экөөбүз эки ажырым  жолго түшкөнүбүзгө эки жылдын жүзү болду. Аны мен сыйлайм, жакшы көрөм. Ал дагы мени менен кайра жарашам деп көп жолу сунуш айтты. Бирок,  мен макул болгон жокмун. Себеби, ага мен татыктуу эмесмин. Ал аябай жакшы жигит. Чыныгы эркек. Баарыңыздар билгендей эле ал менден алты жашка кичүү болчу. Жакында  үйлөндү. Үйлөнөөрдүн алдында да мага келип  бир ооз айтты. Мен ага бактылуулук гана кааладым. Ал бактылуу болгонго татыктуу…»-дейт Гүлжайна айым.

БУЛАК:  argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу