Гүлбү Ороскул кызы, ырчы: «КАТАРЫ МЕНЕН ТӨРӨП АЛБАГАНЫМА ӨКҮНӨМ»

Үй-бүлөдө жашоо түйшүгүн адатта аял менен эркек чогуу көтөрөт. Биз төмөндө маектешкен айымдар турмуштун түмөн түйшүгүн жалгыз моюндарына артып келе жаткандар. Аларга кандай мактоо айтпайлы, кандай орден такпайлы, жетишсиз болот.

Бегимай Карабаева, ырчы: «УЛУУ КЫЗЫМА ЖОЛУККАН САЙЫН ЫЙЛАЙМ»

— Турмуш деген алты тамганын ичинде сүйүү, күйүү, өкүнүч, арман, бардыгы камтылыптыр. Турмуш түйшүгүн күйөөм менен жашап жатканда деле тарткам, азыр деле тартып жүрөм. Айрымдар мени «ырдайм деп жүрүп ажырашты» деп ойлошот экен. Бирок андай эмес. Турмушка чыккандан кийин ырчылыкты таштап, кайын журттун ырын ырдап, алардын тегирменинде айланууну чечкем. «Экөөбүз тең иштебей отуруп алсак эмне болот?» деп соода да кылдым. Ажырашканыбызга 3 жыл болуптур. Турмушуң араба экен, түртүп кете берет экенсиң. Болгону күчтүү болушуң керек. Ыйлап эч нерсе кылбай отуруп алган киши эмесмин. Ар бир баланын ырыскысы бар, чоңоё берет. Улуу кызым быйыл мектепке кирет. Кайненем «Ошто, шаарда өссүн, бул жакта билим берүү айылга караганда жакшы» деп ажырашканда эле улуу кызым Айдайды алып калган. Ал кишиге ишенем, жакшы карайт. Кызым кайнежелеримдей болуп тарбияланса, мыкты инсан болот деп коём. Кичүүсү Адемай менин жанымда, мектепке киргиче бутума туруп, Оштогу үйүмдү бүтүрүп кирип алайын деп иштеп жатам. «Кызым эле» деп ушуга чейин күйөөм бир да жолу бир нерсе көтөрүп келип койгон жок. Муктаждык болгон күндө да атасына кайрылбайм. Адемай эс тартып, өткөөл куракка келгенде талаалап ырдап жүргүм келбейт. Анткени ушул учурда кызга эненин колдоосу керек. Улуу кызыма каникулда барып турам. Азыр ал ийримдерге барат, мектепке даярданып жатат, алагды кылгым келбейт. Барганда «сиз менен жашайынчы» деп ыйламсырап, моюнумдан кучактап зээнди кейитет. «Үй бүтсүн» деп жоошутуп коём. Анан «Үй бүттүбү?» деп сурай берет. Ага жолуккан сайын жан дүйнөм аңтарылып, жүрөгүм жанчылып, ызама буулуп артымды карабай ыйлап кетем.

Гүлбү Ороскул кызы, ырчы: «КАТАРЫ МЕНЕН ТӨРӨП АЛБАГАНЫМА ӨКҮНӨМ»

-Турмушка чыгып жаткан кыз дагы, үйлөнүп жаткан жигит дагы «ажырашып кетем» деп эч качан ойлобойт. Жакшы тилек, жаркын үмүт менен баш кошушат. Бирок тагдыр ажырашууга алып келсе, айла жок, баарына чыдайбыз, көтөрөбүз. Мен эч нерсеге өкүнбөйм. Болгону убагында катары менен төрөп албаганыма кейийм. Анткени ажырашып кеткен күндө деле бала сеники да, туурабы? Бала жашоого стимул берет, жөлөк-таяк болот. Ошондуктан көп балалуу болууга эмне жетсин? Кыздар менен сүйлөшүп калганда өзүмдүн жон терим менен сезген нерсемди айтып калууга ашыгып, «эч нерсе качпайт, убагында төрөп алгыла» деп сайрап жатам. Карьераны 50-60-70 жашта деле жасасаң болот. Бирок ал убакта наристе жытын искей албайсың. Мага жолдошум менен ажырашканым деле билинген жок. Кызын турмушка берип жатканда Элмирбек деле колунан келген жардамын берди. Керектүү даярдыкты көп жылдан бери өзүм камдап жүргөм. Эч нерседен кыйналган жокмун. Эркектин жумушун мурун деле, азыр деле өзүм кылам. Сантехникага, электр зымдарына байланыштуу иштерди айрым эркектерге караганда жакшы түшүнөм. Керек болсо учурда салып жаткан тамымдын кышын да коюшкам. Аны «Достор» тобунун кыздары билет. Бирок азыр курулушту токтотуп коюп, жөн эле жакшы жашоого өттүм. Кыздарым жакшы кийинсин, жакшы тамак ичишсин, мыкты билим алышсын деп калдым.

Нэна, ырчы: «БАЛДАР САГЫНДЫ ДЕП АТАСЫНА АЙТУУГА АКЫМ ЖОК»

— Үй-бүлө куруу, эне болуу кыз баланын жашоосунун маңызы. Мен дагы «бактылуу болом, эне болом» деген жакшы ойлордун кучагында турмушка чыккам. Бирок очогу бузулгандардын арасына мен да кошулуп калдым. Бул тагдырдын буйругу экен деп кабыл алдым. Бала үчүн ата-эне кандай түйшүк тартпасын кыйналдым деп айтпаш керек. Себеби бала жаралдыбы, ал балалык доорун сүрүүгө, жакшы жашоого укуктуу. Ата-эне баланы бул жарыкка алып келген соң жоопкерчилигин кошо тарта билиш керек. Ар бир баланын ырыскысы бар. Ошондуктан Кудайым берерин унутпайт деген ойдомун. Албетте, кыйынчылыктар бар. Бирок мен жалгыз эмесмин. Ата-энем, бир туугандарым бар. Эне болгондон бери алар мени колдоп келишет. Атасы каржы жактан жардам бербейт, болгону алимент төлөйт. Элге «балдарды көрсөтпөйт» деп айтат экен. Бирок андай эмес. Сагынганда келет окшойт, 2-3 айда бир көрүп кетет. Балдар, албетте, сагынышат. Азыр ал үйлөнгөн, ошондуктан «балдар сагынып жатат» деп айтууга акым жок. Балдарымдын мыкты болуп чыгышын тилеп азыртадан бир нече тил үйрөткөн жеке менчик бала бакчага бергем. Алардын жаркын келечеги үчүн бүт аракетимди жумшайм. Учурда жашоом жакшы, телегейим тегиз.

Залина Касымова, кыл кыякчы: «БАЛДАРДЫ АТАСЫ МЕНЕН КАТТАШТЫРБАЙ КОЮУ БОЛБОЙТ»

— Ажырашууну Кудайдын берген сыноосу деп түшүнөм. Бул сыноонун артында чоң күрөш турат. Мен депрессияга алдырбай, чыгармачылык, балдарым менен алаксып жеңип өткөнгө аракет кылдым. Ажырашууну трагедия катары кабыл албай, эң биринчи ойлорумду оңдодум. Келечекке жаркын үмүттөр, тилектер менен умтулуп, кылып жаткан аракетимди көргөн балдарым да бышыгыраак болот го деп ойлойм. Ансыз деле аялзатынын тагдыры, жашоодо аткарган функциясы оор. «Шарт ушундай» деп белди бекем бууп иштеп жатам. Кудайга шүгүр, балдарым эч нерседен кем эмес. Атасынан деле эч нерсе сурабайбыз, көңүлү келип бир нерсе алып бергиси келсе каршы болбойм. Балдарымды келечекте биз сыймыктана турган инсан кылып тарбиялап чыгам деп ишенем. Моралдык, материалдык жактан колдоо көрсөткөн ата-энем бар. Чыгармачылыгыма байланыштуу эки жакка кеткенимде балдарым таята, таенесинин жанында болушат. Балдарым аларга жакын, ата-энем да балдарымды менден артык көрүшөт. Атасы менен катташтырбай коюу оюм жок. Балдардын чоңдордун ортосундагы түшүнбөстүктөрдүн курмандыгы болушун каалабайм.

Булак: Супер.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу