Жогорку Соттун төрайымы болуп Гүлбара Калиева шайланды

Бүгүн,  2018-жылдын 22-сентябрында  Кыргыз  Республикасынын Жогорку  Сотунун Төрайымын  жана  орун басарларды шайлоо  болуп өттү. Бул тууралу КР Жогорку сотунун  басма сөз кызматы билдирди.

Жалпы  жыйынга 33 Жогорку  соттун   судьясы катышып, бир  добуштан Гульбара  Утюровна  Калиеванын талапкерлигин  колдошту.

Үч  орун басар шайланды:

Бокоев Каныбек  Абдраевич —  Жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын;

Асанова  Нургуль  Молдобековна —  Жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын;

Токбаева  Айнаш Абдымановна —  Административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу