Гүланда үчүн апасынын сарайын бузган Айбек Карымов

Бир кезде Гүландага Айбек Карымов продюсерлик кылып калганын билебиз. Ошол кезде эле бири-бирине болгон мамилеси болгон экен да. Карымов апасына «Гүланданын ата-энесинин астынан өтүп келгиле» десе апасы болбой койгондо, анын сарайын бузуп салганы ошондо эле коомчулукка жайылып кетти.

Бул тууралуу Гүланда ал кезде «Менин ага эч кандай тиешем жок. Айбек байкенин ажырашкан аялын да, ата-энесин да тааныбайм. Аялы экөөнүн ажырашуусуна менин эч кандай тиешем жок» деп 2009-жылы сентябрь айында гезиттердин бирине жооп берген.

Андан көп өтпөй, жашырган сүйүүлөрүн ачыктап, кийин баш кошуп алышпадыбы. Карымов Гүландага «Менин сүйүүм», «Таалайлуу болуп алалы», «Жарым болчу» деген ырлары менен сезимдерин билдирген тура.

Булак: «Ачык саясат»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу