Гулянда, ырчы: “Кызым кээде түшүнбөй жатса нервим чыдабай урушуп жиберем…»

Кызым 2-класста окуйт. Күндө жанына отуруп 1,5-2 саат сабак окуйбуз. Кээде бир жомокту 3-4 жолу кайталап окуганга туура келет. Кызыма бир нерсени жай айтып түшүндүрсөң жакшы кабыл алат. Бирок кээде түшүнбөй жатса нервим чыдабай урушуп жиберем. Андайда көзүн тегерек кылып унчукпай отуруп калат. Өзүмдүн бала кезимди эстеп “мен деле ушундай эмес белем” деп кайра жибийм. Анүстүнө кызымды урушсам сабакка көңүлү келбей чарчай түшөт. Түшүнгүсү да келбей калат. Андайда өзүмдү колго алып жумшак сүйлөп эпке келтирем.

БУЛАК: Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу