Гулзинат Суранчиева, ырчы: «Менин жүзүмдүн тунук көрүнүшү генден да десем болот…»

Учурда кыш жакындап, суук түшүп калды. Ошондуктан бетке сөзсүз түрдө нымдандыруучу бет май колдонуу шарт. Көчөгө чыкканда болсо күндөн, сууктан коргоочу бет май керек. Бет суукка урунат, кургайт, мындайда жарым чай кашык балга ушунча өлчөмдөгү зайтун майын, бир нече тамчы лимондун ширесин аралаштырып бетиме жабам. Бул маска бетти эң жакшы азыктандырат жана жумшартат. 15-20 мүнөт кармап, жылуу суу менен жуу керек. Бананды эзип да маска жапкан пайдалуу. Менин жүзүмдүн тунук көрүнүшү генден да десем болот. Мисалы, апам 65 жашта, бетинде такыр бырышы жок.

БУЛАК: Леди. kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу