Губернаторлордун жүрөгү опкоолжуп жатабы?

Өткөндө бир топ эле билимдүү сыяктуу көрүнгөн таанышыбыз жолугуп калды. «Жаңы президент эми губернаторлорду да алмаштырат го» -деп сөз баштады. «Эч кимди алмаштырбайт»,  губернаторлорду кызматка коюу жана кетирүү премьер-министрдин укугу. Тигил адам таң калганын жашырган жок. Мына ушул турмуштук эпизод көп маселени айгинелеп тургансыйт. Ооба биз бир топ эле саясатка жакын элбиз. Бирок, ошол эле учурда мыйзамдарды өзгөчө конституцияны карап да койбойбуз. Конституция боюнча эң  чоң укук өкмөт башчысында. Өтө кеңири укугу бар жана бийлиги бар акыркы президент Алмазбек Атамбаев болду өңдөнөт. Акыркы эки жылда анын интервьюларын карап отурсак дайыма «биздин өлкө президенттик өлкө болуш керек»,- дегенди айтып келет. А бирок, эмне үчүн бийлик жүргүзүү укугу аябай чектелген президенттик такты үчүн айыгышкан кармаш жүрдү? Бу да болсо далай изилденишти талап кылган маселе. Бир топ аналитиктер ушу жерде жаңы дайындалган өкмөт башчы менен жаңыдан шайланган президенттин ортосунда конфликт чыгып кетпейби деген суроо көтөрүшүүдө. Сооронбай Жээнбеков декабрдын баш жагында бийлигин аткарууга киришет. А Сапар Исаков болсо кызматына көнүп такшалууга бир топ эле кенен мөөнөтү бар.  Ал конституциядагы укугун толук пайдалана алат дегендер да арбын. Өкмөттү түзүп жатканда жаштарга басым жасады. Эми губернатор, мэр, акимдерди алмаштырууга киришүүсү толук мүмкүн. Кийинки убакта губернаторлор корпусун өңчөй жаштарга алмаштырып жаткан Россиянын президенти Владимир Путиндин мисалы ага шык жана дем бериши мүмкүн. Ошондуктан, эмне болоор экем деген санаа губернаторлордун жүрөгүн өйүп жаткан учур. Дагы бир маселе «чындап эле бийликти бөлүштүрүү маселеси кандай өтөт» деген проблемада көпчүлүк саясатка кызыккандардын көңүл чордонунда турат.

Булак: ARGUMENT.KG

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу