Гриппке кабылбоо үчүн алты аракет жасаңыз!

Күз айында гриппке кабылбоо үчүн организмди кантип даярдоо керек?

1. Гриппке каршы эмдөө алыңыз. Дүйнө ден-соолук уюмунун эксперттери гриппке каршы эмдөөнү сунуштап келет. Эгерде грипп өтүшүп кетсе анда өпкө, кулак, мурун жана тамак ооруларына абдан кооптуу экендигин адистер эскертет. Бул эмдөөнү өз каалоосу менен ар ким ала алат. Доктурлар айрыкча жүрөк оорулуларга, боюнда бар аялдарга жана кары-картаңдарга сунуштамакчы.

2.Түрдүү минералдарга бай витаминдерди күз келери менен ичип баштаңыз. Күз жана кыш айларында иммунитетти көтөрүү үчүн A, E, C, B, D витаминдери керек. Мисалга D витамини адамдын организминде абдан маанилүү ролду ойнойт. Витамин Dнын жетишпестиги: имунитетти түшүрүп, нерв жана жүрөк кан-тамыр ооруларына түздөн-түз таасирин тийгизет.

3.Таң эртеден чуркап, таза абада жөө басууну адатка айлантыңыз. Бул адатты күнүгө жок дегенде жарым саат жасоо кажет.

4.Эртең менен көнүгүү жасаңыз. Негизи эле ар бир адамда физикалык аракет болуш керек. Муну сиз жөн гана үй шартында, каалагандай жасасаңыз болот. Дал ошондо кан айлануу денеде жакшы жүрүп, адам өзүн күнү бою сергек сезип жүрөт.

5.Өз убагында уктап туруңуз. Мисалга, адамга күнүнө сегиз саат уктап туруу жетиштүү.

6.Өздүк тазалыкты сактаңыз. Мисалга, колуңузду улам сайын самын менен жууп, антисептик каражаттарды колдонгонуңуз оң.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу