Григорий Михайловдун өлкөдөн шашылыш чыгарылганынын артында Абдыкаров турабы?

Белгилей кетсек үстүбүздөгү жылдын 13-мартында Regnum агенттигинин журналисти Григорий Михайловду Бишкек шаарында жубайы менен сейилдеп жүргөн жеринен ИИМдин 10-башкармалыгынын кызматкерлери мыйзамсыз кармап, өлкөдөн чыгарып жиберишкен. Көрөгөч Маамыттын берген маалыматына таянсак бул окуянын артында ИИМдин орун басары Данияр Абдыкаров тураары тар чөйрөдө каңкууланыптыр. Эгерде Михайлов кандайдыр бир кылмыш жазаса же мыйзамга туура келбеген иш алып барган болсо аны сотко алып барып, соттун чечими менен өлкөдөн чыгарылышы керек эле.

Бул жерде тескерисинче 10-башкармалыктын балдары аны күч менен кармап, алдамчылык жол менен чек арадан Казакстан тарапка узатып, кайра киресиң деген таризде өткөрүп жиберет, ал кайра өлкөгө кирээрде Михайловго кара тизмеге киргизилгенин чек ара кызматкерлери кабарлаган. Бул окуяда одоно мыйзам бузуучулук орун алып жатканын байкасак болот.

Бизде суроо туулат Данияр Абдыкаров Григорий Михайловдон эмнеге чочулаган? Михайловду өлкөдөн шашылыш чыгарылганына караганда бул эки эргулдун ортосунда кандай талаш-тартыш мамиле бар болгону табышмак…

Булак: Чындык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу