ГОМдун башчысы аялдыкка алам деген кызын жиндиканага жаткызып кордогон. Полковник ээлеген кызматына татыктуубу?

Журналист Назира Бегимдин бизге берген маалыматына таянсак:

— Ош базарынын ГОМунун башчысы аялдыкка алам деп алдап жүргөн кызды жиндиканага жаткырып салган. Жабырлануучу Ж аттуу эже мага кайрылган. Ош базарынын ГОМунун башчысы, подполковник Усупбеков Абдыманап Бочонович 28.01.1973. жылкы жабырлануучуну 13 жылдан бери алам деп алдап, (акча алып, жада калса турсийинен өйдө алдырчу экен. Турсий алганга өз чамасы жетпеген шордуу орган кызматкери подполковник дагы!) аягында албайм, тааныбайм деп шылдыңдап сабап, жиндиканага чейин тыгып, Таластан бери энесин, женелерин, бир туугандарын Кочкорго жабырлануучунун үйүнө жөнөтүп, өлтүрүп салабыз деп коркутушкан

Бул тууралуу жабырлануучу мага айтканда, мен тиги Бочоновичке телефон чалып тынч жолугуп маселени чечип, жабырлануучудан, анын ата-энесинен кечирим сурашын айтканмын. Ал мени оозго келбеген сөздөр менен сөгүп салды. Мындай көрүнүш бир нече жолу кайталанды. Акыры ИИМге маалыматты билдирдим. Сайтка чыгара турган кыскача макаланы дагы жөнөттүм. Алар окуп мага чалып чыгара бер деген соң, Бочоновичке эскертип, тегеректеп жүргөн шайкаларына (Дамир, Айкөл, Марлис, Эмир, Бактияр) эскерттим. Баары уят сөздөр менен сөгүп, билгенинди кыл дешти. Мен макаланы чыгардым. Эртеси ИИМ кызматкерлери өзүбүз ичинен иликтөө жүргүзөбүз деп маалыматты өчүртүшкөн. Бочонович Ленин районунун башчысынын орун басары менен мага байланышка чыгышкан. Менден кечирим сурасын, эч качан жолобойм деген расписка жазып, сөккөнү үчүн моралдык компенсация төлөсүн дедим. Ар бир маалымат тууралуу ИИМге билдирип жаттым. Дагы деле билдирип жатамын.

Тилекке каршы, башкасын кой кечирим сурагандан качууда. Биздин милиция бизди коргобой эле кордооруна дагы бир ирээт ынандым. Бизге кереги барбы ушундай канкор, наамды сатып алып дердеңдеген айбандардын? Бочонович бүгүн дагы маалымат чыгарамын десем, чыгар анан ошол сайттарын менен да сүйлөшөм деп коркутууда. Биз журналисттер мындай айбандардын кылмыштарына көз жумбайбыз.

Каалаганыңды кылып ал Бочонович! Мен кудайдан башка эч нерседен коркпойм! Бул боюнча Президентке кайрылуу даярдап койдум. Биринчи күнү ИИМге барып арыз жазылат андан пресс конференция беребиз!- дейт Назира Бегим.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу