Голливуд актрисасы Анжелина Жоли ажырашкандан кийинки жашоосу жөнүндө интервью берди

Белгилүү актриса Анжелина Жоли актёр Брэд Питт менен ажырашкандан кийин алгачкы жолу америкалык “Vanity Fair” журналына чоң интервью берди. Анда үй-бүлөлүк уруш эмнеден чыкканын так айтпаса да, ажырашуудан кийинки жашоосу тууралуу кенен маалымат берген.

“Ата-энем ажырашып кеткенде, мен апам үчүн абдан убайым тарткам. Азыр балдарым мен үчүн сарсанаа болушун каалабайм. Андыктан убактымдын көбүн аларга арнап, жадакалса даамдуу тамак жасап берүү үчүн кулинария курсуна да жазылдым”, — деген ал. Ошондой эле кээде жан дүйнөсү кыйналып ыйлагысы келерин, ал учурда балдарынан жашырынып ванна бөлмөсүндө ыйлап аларын да кошумчалаган.

Ал эми ажырашууну балдары кандай кабыл алганы тууралуу суроого кыскача гана жооп берген.

“Ар бир балам ар кандай кабыл алды. Мен үчүн 9 жаштагы уулум Нокско түшүндүрүп берүү өтө оор болду. Ал өзүн жинди болгон адамдай эле алып жүрдү. “Биз акылдан азган үй-бүлөбүз, кел мындан кийин деле ушинтип жашай беребиз. Элдин баарына акылдан азып калганыбызды айтабыз” деген сыяктуу сөздөрдү айтканга чейин барды”, — деген актриса окуядан соң өзүнүн ден соолугу начарлап, нервден улам бет булчуңунун шал оорусу менен жабыркаганын да айткан.

Маектин соңунда келечектеги пландары менен бөлүшкөн.

“Мен 9 ай үй иштери менен алектендим. Идиштерди өзүм жууп, тамакты өзүм жасап жаттым. Эми ботинкемди кийип алып, балдарым менен жер кыдырып саякаттагым келип жүрөт”, — деген ал.

Эске салсак, Голливуд жылдыздары Анжелина Жоли менен Брэд Питт 2016-жылдын 19-сентябрында эки ажырым жолго түшүшкөн. Алардын 6 баласы бар болсо, 3өөнү багып алышкан.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу