Голлан сырлары жөнүндө тарыхый факт

Голландия десе эле көз алдыга жеке эле шаарлар эмес, атактуу сыр продукциялары да тартылат. Анткени бул өлкөнүн эли сыр даярдоонун баардык жагдайларын эң мыкты өздөштүргөн калк.

Тарыхый факт! Голландияда сырды даярдоо биздин доорго чейинки 4 кылымдарда эле пайда болгон. Кийинчерээк  Алкмар, Харлем, Дейден сыяктуу шаарларда сыр базарлары ачылган. Орто кылымдарда Нидерландияда сырларды акча ордуна пайдаланышкан.

Голландия сыр даярдоо тарыхында көптөгөн түрлөрдү жасашкан. Бирок, эң атактуулары Эдам, Гауда жана Маасдам. Эдам сыры Голландиялыктардын визит картасы. Ал атка бүткүл дүйнөгө экспорттолчу сырлардын шаарчасына байланыштуу алган.

Европа мамлекеттеринин ичинен май өндүрүү боюнча бешинчи орунда болсо сыр өндүрүү боюнча төртүнчү орунда турат.  Чындыгында эле голлан сырлары сапаты жагынан мыкты жана сапаттуу. 70 миллиард евролук сыр сыртка экспорттолот. Бүгүнкү күндө көптөгөн сыр  түрлөрүн чыгарышат.

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу