«Гитара менен түшкөн сүрөтүм жарыяланса, эч уялбайм», -дейт Анжелика

Бүгүн, 13-июлда ырчы Айчүрөк ИманалиеваАнжелика Бекболиеванын маркум Мухтар Өмүракунов менен кол кармашып түшкөн сүрөтү боюнча өз пикирин билдирип, ага кайрылуу жасаган.

Бул боюнча Анжелика да үн катып, Айчүрөк Иманалиеванын айткандарынын баары калп дейт.

“Бул сүрөт Орусияга гастролдоп барган кезде тартылган. Анда мен 16-17 жашта болчумун. Концерт бүткөн соң эже менен Мухтар байке экөө мени ээрчитип алып түнкү клубга барышып, бирок менин жашым 18 жашка жете элек болгондуктан клубга кирбей калышкан. Анан башка жактан эле тамактанып отуруп, өздөрү вальс бийлеп, аларды мен сүрөткө тарткам. Андан соң Мухтар байке “кел, экөөбүз да бийлеп жаткандай түшөлү” дегенинен Айчүрөк эже бизди тарткан. Ал күнү түшкөн бир эле бул фото эмес, дагы бир канча сүрөттөр бар. Бул тууралуу жолдошум да билет. Себеби ал кезде Урмат (ред. жолдошу) Москвада иштечү, биз жаңыдан таанышып сүйлөшүп жаткан элек. Андыктан азыр ал мага дем-күч берип, “эжеңдин сөзүнө кирип урушуп кетмек белек?” деп, күлүп койду. Ал эми фотосессия тууралуу айтсам, анда эжени мен эмес, тескерисинче, ал мени чакырган. Ал кезде Айчүрөк эже менин продюсерим болгондуктан анын сөзүн эки кылбашым керек эле. Сүрөттү Динара Макешова аттуу фотограф тарткан. Ал мени тартып бүткөнгө чейин Айчүрөк эже эч жакка чыкпай эле, жанымда отурган. Тартуу иштери бүткөн соң фотосессия кымбат турарын жана ал мага Айчүрөк эже менен Мухтар байкенин атынан белек экенин айтышкан. Анан да ал сүрөттө мен жылаңач эмес, фотографтын сунушу менен үстүмө материал жаап, колума гитара кармап тургам. Анда моюнум эле көрүнбөсө, денем таптакыр көрүнбөйт. Эгер ал сүрөт коомго жарыяланса, мен эч уялбайм. Аны искусство катары кабыл алам.

Учурда кайрымдуулук иштери боюнча чуркап жүргөндүктөн, эжеге теңелип айтышканга убакытым жок. Өткөндө эле радиолордун биринин концертинде ырдап жатсам, ноутбук турган жерге келип музыканы өчүрүп салды. Аны көргөндөр, улуу эле эженин мага теңелип жатканына таң калышты. Ушундан көрө жалпыга жардамы тийген иштер менен алектенсе болмок. Анын айткан сөздөрү мага эч кандай таасир эткен жок. Себеби менин жүрөгүм мээримге толгон, негативге орун жок”, — дейт ырчы.

Булак: Супер.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу