– КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин отургучун кучактап, көптөн бери көгөрүп отурган, ал тармактын тарпын кетирип, көптөгөн көйгөйлөрүн чече албаган Талантбек Батыралиевди;
– Өлкөнүн президенттик талапкерлигине өзүнүн өпкөсүн чаап, кайра-кайра талапкерлигин коюп өтө албай жүргөн Арстанбек Абдылдаевди, Адахан Мадумаровду, Арстанбек Малиевди, Токтайым Үмөталиеваны, Темир Сариевди;
– Жогорку бийликтин бир бутагынан экинчи бутагына буйдалбай секирип жүргөн Аскарбек Шадиевди, Толкунбек Абдыгуловду, Кубанычбек Кулматовду, Дүйшөнбек Зилалиевди;
– Кошоматка кой союп жагалданып, жасакерленгендиги боюнча ЖК депутаттары Кубанычбек Жумалиевди, Сайдулла Нышановду, Алмазбек Эргешовду;
– Кой оозунан чөп албаган момун, жооштугу боюнча Улуттук электр холдингдин төрагасыАйбек Калиевди жана Жогорку Кеңештин сексен пайыз депутаттарын;
– Бир жээктен экинчи жээке желпинип жеңил секирип жүргөн Бакыт Төрөбаевди, Турсунбек Акунду;
– Эмгек дегенде эт-бетинен кеткен, иш дегенде ичип жаткан стаканын ыргытып ийген Албек Ибраимовду;
– Чоң муштумдугу боюнча айыл чарба министри Нурбек Мурашевди, ЖК депутаты Камчыбек Жолдошбаевди;
– Кыргыз болуп төрөлүп, “киргиз” болуп жашап жаткан Феликс Куловду, Кубанычбек Кулматовду, Уран Ахметовду.
Сунуштаган Асан АКМАТОВ
Булак: Фабула