Генерал Суваналиев менен Мадумаров эмне балээни таап чыгышты?..

Кечээ күнү Өмүрбек Суваналиев менен Адахан Мадумаров жолугушуп, бийликке каршы
күчтөрдүн биримдигин түзүүнү пландашып, бир топко чейин аңгемелешип отурушту.
Аныгында, оппозиция бу саам ынтымакка келбесе, Сооронбай Жээнбековго уттуруп
коюшарын алдыртан сезишип, даярдыкты катуу баштоого белсенип турушат. Маселен,
аламанга өз алдынча чыккан талапкерлер бири-бири менен союздаш болушары,
керектүү ыңгайда альянс түзүүгө даяр болушары болжонууда. Бул жээкте «сен акаевчи,
бакиевчи же атамбаевчи» деген бөлүнүү болбойт экен. Башкы максаттары ушул: уюган
кыттай болуп, Сооронбай Жээнбековду президенттик шайлоодо өткөзбөө, Алмазбек
Атамбаевдин саясатын токтотуу менен алектенишет. Дагы бир жагдай, «бул жээкте
Суваналиев, Мадумаров лидер болот» деген бүтүм эмес, а кимдин президенттик
шайлоодо шансы жогору, ошол саясатчыга токтолушат экен.

Булак: “Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу