Гаипкулов Бакиевдин ал-ахвалын сурап турабы?

Бир кезде ханга салам бергиси келбей дөөгүрсүп турган адамдар бүгүн мышыктын образында күн кечиришүүдө. Алардын бири Искендер Гаипкулов. Кезинде Курманбек Бакиевдин ишенимдүү адамдарынын бири болуп, Эсеп палатасын каалашынча калчап, тагдырдын эрке талтаңы болгон Искендер мырза бүгүн алардын баарын унуткан. Челкейе баскан Жогорку Кеңештин бакандай депутаты.

Аба-ырайына карап өзгөрүп, саясатка карап түздөнгөндү ушул Гаипкуловдон үйрөнүшүбүз керек, эй! Бул киши учурда: «Кар жаады, из басылды» деген логика менен жашап жүрөт.

Бир кезде шайы оой түшкөн бул эргул азыр чатырап, күндөн-күнгө «гайкаларын» бекемдөөдө.

Кызык, Бакиевдин ал-ахвалын сурап турат болду бекен?

Булак: “Де- факто”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу