“Газпром” менен “Центерранын” кызыкчылыгын С. Исаков неге коргогон?

Мурдагы премьер-министр, учурда Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупцияга айыпталып, камакта жаткан Сапар Исаковдун дагы жаңы кыңыр иштери коомчулукка белгилүү боло баштады. Тактап айтсак, ал КР президенттик аппаратынын жетекчисинин орун басары рангасындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кызматын ээлеп турган кезде «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп саналчу экен. Ал үчүн айына кол жоорутуп, бел оорутпай эле 10 миң АКШ долларында айлык акы алып турчу тура.

Ал ошол кезде эмнегедир өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын кызыкчылыгын коргоп, ошол эле убакта ал компанияны салыктарды жана пошлиналарды төлөөдөн бошотуп келгени тууралуу кептер айтылып калчу. Анын мындай аракетинен улам мамлекетке ири суммада зыяндар келген. Көрсө, ал өзүнүн чөнтөгүнө түшүп турган 10 миң долларды ушундай жол менен актачу окшойт.

Мындан сырткары С. Исаков премьер-министрлик кызматты аркалаган 8 айлык ишмердүүлүгүндө өлкөбүз үчүн өтө зыяндуу келишимди да түзүүгө жетишип кетти. Тактап айтсак, ал экологиялык нормалардын талаптарына жооп бербей атканына карабастан, «Centerra Gold Inc.» компаниясы менен келишимге кол койду. Бул боюнча да С. Исаков өзүнчө жоопкерчилик тартууга тийиш. Балким, тиешелүү укук коргоо органдары мына ушул фактыларды бир иликтөөгө алып көрөр.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу