Газдалган суусундуктар коркунучтуу экенин далилденди…

Бен-Гурион университетинин окумуштуулары жүргүзгөн изилдөө жумуштары газдалган суусундуктар убакыт өткөн сайын ички организмдин жумушун бузаары аныкталган. Ал эми көптөн бери ичип жүрө берсе онкологиялык оорулар пайда болоору далилдеген. Бул тууралуу “life.ru” порталы маалымдайт.

Окумуштуулар газдалган суусундуктар жөнүндө маалымат топтошуп, анын курамындагы фосфат заттары ичеги-карындын жумушун бузаары аныкталган. Ошону менен катар, суусундук таттуу кыла турган кошулмалар ичеги микрофлоранын жумушун бузуп, аны таптакыр жок кылып жибериши да мүмкүн экен.

Чычкандарга жүргүзүлгөн сыноолордо жасалма таттууларды бергенде алардын организмининин иштөсү өзгөргөнүн байкашкан. Көп өлчөмдө таттуу затты жеген чычкандардын ткандары жабыркап калган.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу