В. Путин Кыргызстан менен мамилени бекемдөөгө кызыкдар.

Ушул жылдын 14-июнунда президент Сооронбай Жээнбеков Россия президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен аталган өлкөгө иш сапар менен барары күтүлүүдө. Бул сапардын алкагында мамлекет башчысы Москва шаарында 14-июнда өтө турган футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземине катышат.
Андан тышкары эки өлкө башчыларынын эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулаган эки тараптуу жолугушуусу да болору пландалган. Мына ушунун өзү В. Путин Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилени мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экендигин тастыктап турат.
Кече жакында эле С. Жээнбеков ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кытайда өткөн саммитине катышып келген. Ошондо экс-президент А. Атамбаевдин камчысын чапкан айрым маалымат булактары «Путин Жээнбеков менен жолукпай койду» деп жазып чыгышкан эле. Эми С. Жээнбековдун Россияга В. Путиндин чакыруусу менен сапар тартып жатканы атамбаевчилерге жакшы жооп болду окшойт.

БУЛАК: maalymat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу