ВЛАДИМИР ПУТИН ӨЗҮНӨ КАНЧА КОЛ САЛУУ БОЛГОНУН АЙТТЫ

Орусиянын президенти Владимир Путин өзүнө кол салуу болгонун америкалык режиссер Оливер Стоунга айтып берди. Ал Путин тууралуу тасма тартып жатат. Бул тууралуу CBS News жазып чыкты.

“3 жолу президенттик мөөнөткө шайланууда 5 кол салуу. Кастро менен салыштырмалуу өтө деле көп эмес. Ага 50гө жакын кол салуу болсо керек деп ойлойм”,-деди Оливер Стоун.

Путин аны менен макул экенин айтып, бул темага байланыштуу Кубанын мурунку башчысы Фидель Кастро менен бул темада сүйлөшкөнүн билдирди.

“Ал мага минтип айтты: “Билесизби мен эмнеге дагы эле тирүүмүн?”. Мен “эмнеге?” деп сурадым. “Анткени мен дайыма жеке коопсуздугума көңүл бурчумун”-деди. Мен өз ишимди кылып жатам. Ал эми коопсуздук кызматынын кызматкерлери өз ишин аткарышууда жана азырынча алар ийгиликтүү иштешүүдө”,-деген Путин.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу