Владимир Путин Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы-Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Өз ара урматтоонун жана достуктун жакшы салттарына негизденген россиялык-кыргыз байланыштардын жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилейм. Түрдүү багыттар боюнча конструктивдүү кызматташтык, ошондой эле Евразиялык  Экономикалык Бирликтин, ЖККУнун жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында эки тараптуу саясий диалог жигердүү өнүгүп жатат.

Биргелешкен аракеттер менен биздин мамлекеттер ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк  жана союздаштык мамилелерди бекемдөөгө мындан ары дагы умтула беребиз деп ишенем. Бул мамиле Россия менен Кыргызстандын элинин түпкү кызыкчылыктарына жооп берип, регионалдык стабилдүүлүктү жана коопсуздукту камсыздоо багытында бара жатканы шексиз» -деп белгиленет телеграммада.

Президент Владимир Путин Президент Сооронбай Жээнбековго бекем ден -соолук жана ийгилик ал эми Кыргызстан элине тынчтык жана бакубаттуулук каалады.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу