Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова жол кырсыгына учурады

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова жол кырсыгына кабылды. Кырсык Кадамжай районунда иш сапары менен жүргөн убакытта болуп, Султанбекова ооруканага жеткирилген. Кадамжай аймактык ооруканасынан маалымдашкандай, вице-премьер-министрдин абалы жакшы.

Эске сала кетсек, 26-майда Чолпон Султанбекова Кадамжай районундагы баатыр энелер менен жолугушмак.

Булак: maralfm.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу