ВИДЕО-“Wi-Fi” жакшы жана тез иштесин десеңиз…

Үйдөгү же жумуштагы “Wi-Fi” интернет тармагы жакшы иштебей, көрүп жаткан видео токтоп калып, түйшөлткөн кездер көп кездешет. Бул кызматты сунуштап отурган байланыш операторун ичибизден бир урушуп аларыбыз жашыруун эмес. Байланыш операторлорунун туура кызмат көрсөтө албаганы Интернетиңиздин иштөөсүнүн бир себеби экендиги талашсыз. Кантсе да, сиздин “Wi-Fi” таратып жаткан түзүм менен салыштыргандагы координатыңыз да Интернеттин ылдамдыгына терс таасирин тийгизет. Чындыгында “WiFi”га туташкан түзүмдү (смартфон, планшет, ноутбук) бир нече жолу сантиметрге жылдырып койсоңуз да оң натыйжа бериши мүмкүн.

Жакында Лондон Университетинин “Imperial” институтунун мугалими Джейсон Коул физика мыйзамдырана таянып, “Wi-Fi” модемдерди кайсы жерге койгондо жакшы натыйжа берерин жазды. Ал “Wi-Fi” электромагниттик толкундарынын үй ичинде таралуу картасын чийип чыккан. Анын бул картасында үйдүн ар бир бөлмөсүндөгү “Wi-Fi” толкундары күчтүү-алсыздыгы так белгиленген.

Бардыгыбыз билген бир мыйзам, “Wi-Fi” толкундары эч кандай тоскоолдук жок жерде жакшы тарайт. Ошентсе да, үй ичинде “Wi-Fi” толкундары таптакыр начарлап кеткен жерлер кездешет, сүрөттө көрсөтүлгөн кара түстөр байланыш өтө начар болгон жерди көрсөтөт. Анын себеби ал жерде «Толкундун токтогон» (standing wave) кубулушу пайда болот. Бул кубулуш түзүмдөн тараган “WiFi” сигналдары менен, тоскоолдукка согулуп кайра келген кезде “Wi-Fi” сигналдары катмарлашкан кезде пайда болот. Адаттагы абалда бир нече сантиметр сайын ушундай кара чекиттер пайда болуп турат.

Джейсон бул маалыматты жарыялагандан кийин көптөгөн адамдар ага кат жазып, өз үйүнүн “WiFi” картасын кантип чийүү керектигин сурашкан. Бул өтүнүчтөргө байланыштуу Джейсон Коул, андройдка арналган тиркеме жасап чыкты. Бул тиркеме “Wi-Fi Solver FDTD” деп аталат, анын жардамы менен үйдүн кайсы бурчунда “Wi-Fi” сигналы жакшы таралып жатканын билсе болот.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу