Шарип аксакалдын айкөлдүгү

Учурдагы президентибиз Сооронбай Жээнбековдун атасы Шарип аксакал нечен жылын соода кызматына, (Облпотрепсоюз) тармагына арнаган экен. Баса, союздун учурунда таразадан кем тартып. рейддердин тырмагына илинип калган дүкөнчүлөр жазага тартылып, аша чапкан айрымдары соттолуп да кеткен. Соода тармагында иштеп жүрүп кемчилик кетиргендер кайрадан соода тармагына алынчу эмес. Алуучуларды алдабай сатуу маданиятыбыз мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче жогору болуучу. Дүкөндүн кенч экени ырас, ыйманың менен соода кылсаң берекесин бербей коймокпу. Калп айткан менен болбос, дүкөнчүлөрдүн балдар, кыздары шоколад жеп чоңоюшту. Бакубат, бардарчылык турмушта торолушту.

Сөздүн кыскасы, ары нускасы күндөрдүн биринде Шарип аксакалдын короосуна ууру-кескилер кирип, бири кармалып, башкалары качып кетет. Шарип аксакал кармалган шордууну кестирип жиберем деп Ормон опузага албайт. “Берки качкындарыңды чакырып кел” дейт. Бир оокумда уурулар чогуу келишет. Милициянын колуна салып берчүдөй корунушуп, байкуштар коркуп алышкан. Таң?!

Тобо, Шарип аксакал ууруларды эмес эле кудаларын тоскондой тосуп, бир семиз койду союп, кең дасторконун жайнатып, уурулук күнөө экенин, таман-акы маңдай тер менен гана жашоо керектигин айтып, уурулардын кылмыштарын кечирип, жарык маанайда узатып жиберет.

Уурулар ошол окуядан кийин коомго жат жоруктарынан алыстап, адал жашоого өткөн турбайбы. Тоок уурдагандар тутулуп, кит уурдагандар кутулуп келген кечээгибизге Сооронбай Шариповичтин ичи чыкпай, сот реформасына айрыкча маани берип жатканы бекеринен эмес. Албетте, ак-караны талдоодо чыныгы турмуш тажрыйбасынан өткөн тажрыйба болбос.

“Бу Шариповичтер жеринен бакубат, бардар турмушта жашашкан. Ата таалимин кадиксиз алышкан. Мурдагы алдым-жуттум экс-президенттерден асман менен жердей айырмаланып турушат. Буюрса, коррупционерлердин аягы суюлат” деп үмүттөнгөн элдин акыбети кайтар кези келдиби, албетте. келди.

Айчүрөк Макешова

Булак: «Жаңы Ордо»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу