ВИДЕО: Чырдан башы чыкпаган Байзакованын баласынын атасы ким?

Казакстандык блогер Айжан Байзакова жакында эне боло турганын жар салды.

«Жоголуп кеткенимдин себеби 30 жумалык кош бойлуумун. Албетте ар кандай көздөрдөн жашынып элге көрүнбөй жүрүү кыйын болду. Мунун баарын сыр бойдон сактагым келген. Бирок ойлонуп көрсөм жашырууга негиз жок экен. Мындан ары үңкүрдө жашамак белем. Бул нерсени чоң бакыт деп эсептейм, корко турган эч нерсе жок. Бул — жаңы жашоо», — деп жазган Байзакова.

Курсагындагы наристесинин атасы тууралуу айтпай сыр бойдон калуусун туура көргөн.

Эске сала кетсек, Байзакова чырдан башы чыкпай ар бир жарыя кылган посттору чоң талкууну жаратат. Байзакованы «жылдыз» кылып жиберген окуясы өткөн жылы болгон. Алматыдагы клубдардын биринде кыздар арасында кийим чечүү конкурсун өткөрүп, аны казак полициясы үч суткага камап койгон.

Булак: NazarNews.kg

https://youtube.com/watch?v=Z6JF73vxYDY

Аргумент.kg
Жооп калтыруу