ВИДЕО: Хиджаб кийип келген жүздөгөн мусулман окуучу кыздар мектепке киргизилген жок.

Соц тармактарда казактар хиджаб кийип келген окуучу кыздарды мектепке кабыл албай кубалап жаткан видео талкууланууда.

— Казакстанда хиджаб кийип келген жүздөгөн мусулман окуучу кыздар мектепке киргизилбеди! Видеодо Казакстан №1 мектеп. «Туркистан» облусу «Фирдауси» айылы,- деп билдирүү калтырган видеону жуктөгөн колдонуучу.

Эске сала кетсек, буга чейин “билим берүү, дене тарбия жана спорт тармагында административдик кодекстин тартиптерин бузууга” байланыштуу 22 ата-энеге айыппул салынган, дагы жетөөнө эскертүү берилген. 29 үй-бүлөнүн төртөө мектепте кыздарынын жоолугун чечүүгө макулдук берген. 148 кыздын 89унун ата-энеси мектеп талаптарына көнүүдөн баш тарткан.

Билим берүү жана илим министрлигинин 2016-жылдагы бирдиктүү мектеп формасы тууралуу буйругу Актөбө, Батыш Казакстан, Мангистау жана Түштүк Казакстан облустарында “жоолук жаңжалын” жараткан. Аталган аймактарда хиджапчан кыздарды сабакка киргизбей койгон мектеп жетекчилигин ата-энелер сотко берген. Бул ишти караган соттор Билим берүү жана илим министрлиги менен мектептердин позициясын колдогон.

Быйылкы окуу жылынын соңунда Казакстан билим берүү жана илим министрлиги Актөбө облусунда сабакка киргизилбеген жоолукчан кыздар кийинки класска көчпөй калышы мүмкүн экенин эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу