Видео — Футболчу 13 айдан кийин эсине келди

Нидерландиялык “Аякс” футбол клубунун чабуулчусу Абдельхак Нури бир жылга чукул убакыттан кийин эсине келди. Футболчу 2017-жылы 8-июлда “Аякс” – “Вердар” жолдоштук беттешүүсүндө жүрөгү кармап, жыгылып калган.

Ошондон бери футболчу эсине келе элек болчу. Анын дарыгери профессор Барбара Фризенекер өтө ишеничтүү эмес божомолдорду айтып жаткан. “Эгерде футболчу өзүнө келген менен өз алдынча тамактанып, сүйлөп же баса албайт” деп айткан. Ал эми учурда Абдельхак Нури баардыгын таанып, сакайуунун жолуна түштү.

Булак: Zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу