ВИДЕО: Студенттен 1000 доллар алып жаткан мугалим кармалды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматыны Насирдин Исанов атындагы Мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин А.А. аттуу студенти дипломдук ишин даярдоого жана ийгиликтүү жактоого 1500 АКШ доллар талап кылган кадефранын жетекчисине чара көрүү боюнча кайрылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 221- оммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) жана 225- кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу) беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

2018-жылдын 21-майында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кафедра башчысы 1000 доллар алып жаткан жеринен кармалды.

БУЛАК: zaman.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу