Видео: Сооронбай Жээнбеков: «Азыр мен тааныбаган дос, тууган көбөйдү»

Президент Сооронбай Жээнбеков Кемин районунун жашоочулары менен жолугушканда сүйлөп жаткан видеосун Улан Сатиев жарыялады.

—  Урматтуу агайым-туугандарым! Менин ишиме бирөө дагы кийлигишпейт,бирөөнү дагы кийлигиштирбеймин! Атайын, Жээнбеков, Бакиев болуп калды?! Бир туугандары бийлеп жатат,тейлеп жатат? – деп айтып жатышат. Андай эмес! Менде эч качан үй-бүлөөлүк башкаруу деген болбойт! Бирөөсү дагы киришпейт! Эгер билип калсам, катуу чара көрөмүн. Аны бардыгы билет! Бирок, азыр менде тууган көбөйдү, дос көбөйдү. Менин атымды жумушка орношуудабы, башка учурдабы пайдаланып жатышыптыр. Андай жалган айткандарды билип калсаңар камагыла деп буйрук берип жатам.

Буга чейинки президенттердин жүргөн тургандары мага чоң сабак болгон. Өзүмдүн бир уулум бир кызым бар. Уулум кичине, азыр 4-класста окуйт. Кызым турмушка чыккан. Эң негизги максатым президенттикти тынч тапшырып берүү. Кийин эл-журтум  менен бирге той-топурда жүргүм келет,- дейт президент Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу