ВИДЕО-Самара Каримова жолдошу менен ырдап чоң той берди…

Кече,  4-ноябрь күнү Самара Каримова  Оштогу чоң тойканалардын биринде үй-бүлөлүк чоң той берди. Ырчы айымдын жолдошу Асан Мансуров 50 жашка толушун белгилеп, чоң тойканага дасторкон жайылып,  жакын санаалаштары, кесиптештери, туугандары, ошондой эле бир топ депутаттар, министрлер да чакырылган.Тойдун жүрүшүндө той ээлери, Асан Мансуров жана жубайы Самара Каримова  дуэт ырдашып, келген конокторго сюрприз катары ыр белек сунушту. Жалпысынан көрүнүктүү ырчылар тойдун көркүн ачып,  шаңга бөлөштү…

Эскерте кетсек, ырчы Самара Каримова 1991-жылы туулган, ал эми жолдошу Асан Мансуров 1968-жылы туулган. Бул үй-бүлөнүн үч баласы бар.

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу