Видео – Сагынбек Абдрахманов, саясий ишмер: “Атамбаевсиз КСДП” кыймылы Атамбаев бийликте отурганда эле башталган”

6-декабрь күнү Сүймөнкул Чокморов фондунун төрагасы, “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын демилгечиси Сагынбек Абдрахманов “KyrgyzToday” сайтына маек курду. Алмазбек Атамбаевдин өзүм билемдигине каршы күрөшүп келаткан “ксдпчы” С.Абдырахманов Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын ичиндеги пикир келишпестиктер, “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын уюштурулушунун чыныгы себептери жана максаттары, ошондой эле, жетишкендиктери менен келечек пландары тууралуу ачык-айкын кеп кылды.

“2017-жылы 11-августта биз Ала-Тоо аянтына журналисттерди чогултуп, Атамбаев бийликте отурганда эле, биз: “жер-жерлерде конференция өткөрөбүз, Ринат Самудинов экөөбүздү партиядан чыгарган чечимди мыйзамсыз деп эсептейбиз”,- дегенбиз. Анткени, саясий кеңеште бизди партиядан чыгарууну кимдер колдогону да белгисиз болчу. Жадагалса, “Мени партиядан ким чыгарды?”-деп сураганда, Фарид Ниязов дагы:”Билбейм” деп жооп кайтарган”,-дейт демилгечи.

Толугу менен видеодон көрүңүздөр:

Булак: KyrgyzToday

Аргумент.kg
Жооп калтыруу