ВИДЕО: Президентти сөккөн жигит оорулуу болуп чыкты

Бир жигиттин жарым жылаңачтанып алып өлкө президенти Сооронбай Жээнбековго карата шылдың, адекватсыз  сөздөр менен кайрылган тасмасы социалдык түйүндөрдө кызуу талкууну жаратууда. Анда ал кандайдыр бир чегүүчү затты даярдап жатып оозго алгыс жаман лексиконду колдонуп, президентти жана дагы бир катар адамдардын аттарын атап сөккөн.

Маалым болгондой, УКМК менен ИИМ ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, бул тасмадагы адамды кармап, өздүгүн тактаган. Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургуну Улан Азиз уулу 17-август күнү саат 22де Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан “Ривьера” пансионатынын аймагында кармалган. Кармалган учурда жанында болжол менен 20 гр баңгизат (марихуана) болгон. Уландын ата-энесинин айтымында, ал мурда башынан жаракат алып, психоневрологиялык диспансерде каттоодо турган.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу