ВИДЕО — Нурлан Насип, “Маданияттын мыкты кызматкери”: ““Бололу бирге” деген ырдын жарык көргөнүнө 47 жыл болду”

Бул ырчы мырзаны маекке чакыруу биз ар кыйын. Себеби, эмгекти сүйгөн Нурландын бир буту чет өлкөдө болсо, бир буту мекенинде. Бош убактысы дээрлик болбойт. Азыркы тапта чыгармачылыгын үстүнөн кызуу иштеп жүргөн Нурлан менен телефон аркылуу байланышка чыгып, акыркы жаңылыктары менен кабардар болдук. 

— Салам, Нурлан! Мекениңе кайтып келишиң менен!

— Саламатсыздарбы!? Чоң ыраазычылык билдирем! Кудай буюрса, мекенибизге аман-эсен келип алдык.

— Жыл башынан бери эле саякаттап жүрөсүң…

— Ооба, туура. Жыл жаңыраары менен Кореянын бир нече шаарларын кыдырып концерт бердим. Андан соң Түркиянын эки шаарында жеке концертимди тартууладым. Чыгармачылыктын үстүндө да иштеп “Таттуу махабатым” аттуу ырыма клип тартып келдим. Март айынын башында Ысык-Көл, Чүй жергесин кыдырып концерт бердим. Андан соң Европага сапар алдым. Европанын 8 мамлекетинде болуп, бир катар шаарларын кыдырып саякаттап келдик. Мени менен бирге КРнын Эл артисти, сыймыктуу эжебиз Гүлнур Сатылганова да барды.

— Европадагы мекендештер кубанып калышса керек?

— Сөзсүз! Биз дагы мекендештерибизге абдан ыраазы болуп кайттык. Бизди жылуу тосуп алып, соонун маанайда узатышты. Концерттерибиз да ойдогудай болду. Чет жерде жүргөн мекендештерди абдан жакшы түшүнөм. Өз өлкөңдөн алыс бөтөн жерде иштеген кыйын. Бирок, бардык кыйынчылыкты жеңип, ийгиликтерге жетишип, биздин мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошуп жүргөн мекендештерге алкыш айтышыбыз керек!

— Сен Европада жүргөн маалыңда чыккан Самара Каримова менен бирге аткарган “Бололу бирге” деген дуэт ырыңар бир топ чууну жаратты. Бул тууралуу эмне дейсиң?

— Чыгармачыл инсан болгондон кийин репертуарыңа кылдат мамиле кылып иштейсиң. Көпчүлүк ырларымды өзүм авторлук кылам. Бирок, айрым учурда башка авторлорун да менин көңүлүмө толгон ырлары болсо аткарып калам. Бизде, дүйнө жүзүндө таланттуу композиторлор көп. Коңшу мамлекеттеги композиторлор менен тыгыз байланышып, иштеп жүрөм. Бул кадыресе көрүнүш. Ал эми ырдын өзүнө токтолсок, бул ырды авторлордун батасын алып, алардын уруксааты менен аткарып чыктык. Ыр жарыкка чыкканда авторлору Мерхалил Махмудов жана Ерболат Каракойшы уулу экенин айттык. Жашыра турган эч нерсе жок.

Баары ачык-айкын. Ыр Өзбекстанда 1970-жылы “Элдик арлекин” деген кино тасмада саундтрек болуп жарыкка чыккан. Ырдын жарык көргөнүнө быйыл туура 47 жыл болду. Эң алгач ырды Бехзод Назаров жана Лола Элтаевалар аткарып чыгышкан. Бул ырдын казакчасын аткарып чыккан Куандык Рахым да автордун уруксааты менен аткарды. Ал эми өзбекче вариантын ырдап жүргөн Дильноза менен Жасурбек автордон уруксаат сурабай аткарып чыгышыптыр. Былтыр күз айларында авторун издеп тапканыбызда автор ошондо гана бул ырдын өзбекче варианты бар экенин, аны Дильноз жана Жасурбек аттуу ырчылар ырдап чыкканын билди жана бул ырга автордук укукту буга чейин эч кимге бербегенин кабарлаган.

— Демек, плагиат ыр эмес экен да. Айрым сайттардан “Ыр 90-жылдардын ортосунда жарык көргөн” деп окуп калган элем. Ошондо жалган жазылганбы жана бул ырды аткарган башка ырчылар менен араңарда кызганыч жокпу?

— Сиз айтып өткөн маалымат тууралуу кабарым жок. Ыр 90-жылдары эмес, 1970-жылы жарыкка чыккан. Ал эми башка аткаруучулар  менен биздин ортобузда эч кандай кызганыч жок. Куандык Рахым абдан таланттуу жигит. Жакында Бишкекке мейманга келип, менин бир нече ырымды алып аткарып чыкканы турат. Ортобузда сый-мамиле жана достук гана бар.

— Тынымсыз эле эмгектенип жүрөсүң. Алдыдагы пландарың менен да бөлүшө кетсең?

— Учурда түштүк жергесинде үч күндүк концерт менен жүрөм. Андан соң борборго барып, эки жаңы ырды жарыкка чыгарам. Андан соң Россия жергесиндеги мекендештерге ыр майрам тартуулоо максатында гастролдук сапарга аттанам.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу