СҮРӨТ-Нурлан Насип Асель Кадырбекованы Токтогулга алып кетти.

Кече 25-апрелде  Ош жергесинде Асель Кадырбекованын  кыз узатуу тою болуп, Нурлан Насип сүйүктүүсүн ата-энесинин колунан  Токтогулга алып кетти. Эң алгач ырчы Нурлан Насип кучак толо гүл менен эл алдына сахналаш досторунун коштоосунда  кирип келди. Анын артынан түндүк астында, Асель Кадырбекованы  Анжелика Бекболиева «Эрке кызым» аттуу ырын ырдап, алып кирди.  Эң кызыгы, бул тойдо көптөгөн оюндар уюштурулуп, анда эки жаштын жакын достору, келген конокторго күлкү тартуулап  жатты. Чамасы тойго чыгармачыл жаатта жүргөн ырчылар, атактуу инсандар саналуу гана чакырылган. Себеби, алдыда жылдыздуу түгөйлөр дагы бир чоң той берүүнү көздөп жатышат.

БУЛАК: argument.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу