Видео — Маматурайым Момунов акыйкатчылыкка ат салышуудан баш тартты

Кыргызстандын акыйкатчысы кызматына «Бир Бол» фракциясы тарабынан көрсөтүлгөн Маматурайым Момунов өз талапкерлигин алып салды. Мындай чечимин 26-сентябрда Жогорку Кеңеште омбудсмен шайлоо башталар алдында, талапкерлер баяндама жасап жаткан учурда билдирди. Ал мындай чечимин талапкерлер арасында акыйкатчылыкка татыктуу башка тажрыйбалуу кишилер бар экени менен түшүндүрдү.

Момунов мурда акыйткачынын орунбасары болуп иштеген.

Бул кызматка парламенттеги КСДП фракциясы Токон Мамытовду, “Бир Бол” үч талапкерди – Маматурайим Момуновду, Рита Карасартованы, Рыскул Бактыбаевди, “Ата Мекен” фракциясы Канат Азизди сунуштаган.

Мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев 26-июнда өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Мыйзам боюнча акыйкатчылыкка талапкерди Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтөт жана жалпы жыйында депутаттар добуш берүү менен шайлашат.

Акыйкатчы шайлоо жараянын «Азаттык» «Фейсбукта» жана «YouTube» каналында түз алып көрсөтүүдө.

https://youtube.com/watch?v=DozyYwHAiuU

Булак: Азаттык 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу