Видео — Малика Дина: “Мен сизди көз жаш толо күтүп, издегенде кайда жүрдүңүз, Ата?!”

— Ата! Атанын орду үй-бүлөдө башкы орунда турат. Ал баланын ишенген тиреги, сыймыгынын туу чокусу, кыйшаюусуз ээрчиген идеалы! Атанын камкордугу баланы бул жашоонун бардык сыноосунан коргоп турат. Атанын калдайган карааны эле канчалык! Тиреги, идеалы жок өсүп жаткан баланын абалын эч бир нерсе менен салыштырып болбостур.

А бирок, анын бар туруп “жок” болушу, мерездиктин туманында каңгып жүрүшү баланын муңун андан бетер арттыраар. Ушундай катаал тагдырга кабылган ырчы кыз Малика Динанын (Динара Акулованын кызы) көз жашынын тамчылары ариптерди аралап, атасына жазган катын кара булоого ороп тургансыйт. Маликанын жаңы эмгектеринин бири да дал ушул «аталарга» арналат.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу