Видео — Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын кеңешинин мүчөсү Чынара Токобаева Президентке кайрылуу жолдоду

Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын кеңешинин мүчөсү Чынара Токобаева, КР президенти Сооронбай Жээнбековго ачык кайрылуу кылды. Анын айтымында, — “Кыргызстан профсоюздар Федерациясына Мирбек Асанакуновдун төрага болуп келгенине 2 жыл болот. Ал келгенден бери профсоюздарда мыйзамсыз, коррупциялык иштер күч алып, профсоюздарда чыр-чатак, улам-улам митинг-пикеттер орун алды.Асанакунов башкарган Кыргызстан профсоюздар Федерациясында Асанакуновдун жардамы менен коррупция гүлдөп, өнүгүп кетти.

Мирбек Асанакунов Федерациянын төрагасы катары жакшы иштерди кылгандын ордуна, ал эмгек кодексин тебелеп-тепсеп, профессионалдарга басым кылып, аларды кетирип, ордуна өз кишилерин алып келди. Андан тышкары анын негизги иши профсоюздардын мүлкүн сатуу болуп калды. Асанакунов мыйзамсыз иштерди кылып жатканынын айынан биз кайда гана кайрылган жокбуз, Башкы прокуратура, фин.полиция, сотторго, алардан жыйынтык жок.

Биз билебиз, козголгон кылмыш иштерин анын аялы, Жогорку Кеңештин депутаты, комитеттин жетекчиси Гүлкан Молдобекова тымызын басып жатат. Учурда Мирбек Асанакунов жетектеген Кыргызстан профсоюздар уюму эмгекчилерди коргогон уюм болгондун ордуна, аларды кордогон, мүлкүн саткан уюмга айланды”, деди профсоюз өкүлү Чынара Токобаева.

../wp-content/uploads/2018/10/video-1537521900.mp4

Аргумент.kg
Жооп калтыруу