ВИДЕО: Клара Алибекова: «Ата-энем “бул эмне кылганың?” деп мени туш тараптан тилдеди»

2017-жылдын күз айларында ырчы Клара Алибекова дүкөндөн чыгып келе жатып белгисиз эркектин кол салуусуна туш болот да, жол боюнда турган милиция кызматкерлеринин унаасына качып кирип алардан жардам сурайт. Ошол учурда машинанын ичинде тартылган видеодон милиция кызматкерлеринин: “Крышаң кетип калган жок беле?” Сени ким зордуктады?” деген сыяктуу сөздөр менен Клараны мазактаганын көрүүгө болот.

— Мен тууралуу интернетке жайылган ал жагымсыз видеону милиция кызматкерлери өздөрү тартышып, өздөрү таратышкан. Ошондо мен өзүмдү коёрго жер таппай калгам. Менден да бир туугандарым, ата-энем аябай жаман болушту, “бул эмне кылганың?” деп мени туш тараптан тилдешти. Айтор, биздин үй-бүлө азыркыга дейре өзүбүзгө толук келе элекпиз. Милиция кызматкерлери менен алышып жүрүп ал видеону жакында эле интернеттен өчүртүп, жаным жай алды. Бирок ошондой оор учурда менин талабымды талашып, мага болушуп комментарий жазган адамдар көп болду. “Силерге жардам сурап кайрылса, милдетиңерди аткаргандын ордуна кайра аны видеого тартып шылдыңдаганыңар кандай?!” деп милиция кызматкерлерин тилдешиптир. Элдин ушундай колдоосу менин бул окуянын таасиринен батыраак чыгуума жардам берди.

Булак: «Леди кж»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу