ВИДЕО-Канат Исаев: Башкы прокуратура Атамбаевдин мыйзамсыз ишин текшерип жатат. Манас Арабаев менен Алмаз Маткасымов дагы жооп берет

Жогорку Кеӊештин депутаты Канат Исаев Chagylgan kgге экс -президент Алмазбек Атамбаевдин мыйзамсыз иштери боюнча Башкы прокуратурага арыз жазганын ачыктап айтып берди. Депутат бул боюнча:

Атамбаевдин Кой-Ташта  3 гектар жерге жакын салынган хан сарайынын 1 гектары Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигине караштуу болгон. Мен бул боюнча Башкы прокуратурга расмий түрдө кайрылуу жөнөткөм. Албетте, бул 100 пайыз мыйзамсыз. Негизинен жаӊылбасам  жер ижарага биринчи жолу беш жылга берилет экен. 5 жылда ал ижаранын жерин талапка ылайык өздөштүргөн (бак-шак тигип ж.б.) соӊ гана, убактысы узартылат. Бирок мындай талаптар аткарылган эмес. Ал жерди ижарага алуу боюнча Атамбаевдин атынан арыз болгон экен. Бирок өзүнүн колу коюлбаса да, ноториус аркылуу Атамбаевге  жаӊылбасам 25 жылга бекитип беришкен. Кайрылганыма бир айдан ашып калды. Изилденип жатканы боюнча жооп келди. Эми жакында акыркы жыйынтыкты да айтышат — деди. 

Ошондой эле Исаев Атамбаевдин бийлигинин тушунда сот -укук коргоо тармактарын көшөгө артында көзөмөлдөшкөн Манас Арабаев менен Алмаз Маткасымовдордун  бир катар мыйзамсыз иштерин ачыктады. Мындан тышкары, Түндүк-түштүк жолунан мамлекетке 300 миллион доллар желип кеткенин да баса белгиледи.

Мамлекеттеги курч көйгөлөр айтылган бул маекти толугу менен төмөндө көрүӊүздөр:

Булак: Чагылган

Аргумент.kg
Жооп калтыруу