Видео – Кайып Шер, Апрель Баатыры: “Атамбаевсиз СДПК” эмес “Атамбаевсиз Кыргызстан” деп талап кылабыз, Казанга кетсин!”

“КСДПчылар куулук кылып жатышат, “Атамбаевсиз СДПК” деп Атамбаевди гана партиядан кууп чыгарышып, өздөрү бийликте калгысы бар. Атамбаевден ошентип кутулушуп, СДПКны тазалайбыз дешет. Биз буга макул эмеспиз. Биз “Атамбаевсиз Кыргызстан” кыймылын түзүп, Атамбаевди саясаттан кетирүүнү каалайбыз. Атамбаев саясаттан кетсин. Ал акыркы 7 жылда Кыргызстанды тоноп, сазга батырды. Карызга тыкты. Эми абакка кетсин же Казанга кетсин. Антпесе элди түштүк-түндүккө бөлгөнү жатат”, – деп билдирди бүгүн, 10-декабрда Апрель Баатыры Кайып Шер.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу