ВИДЕО-Иранда бийлеген видеосун «Инстаграмга» жарыялаган кыз кармалды.

Иранда бийлеген видеосун өзүнүн «Инстаграмдагы» баракчасына жарыялаган кыз кармалды. Социалдык түйүндө анын 40 миңге жакын жазылуучусу болгон.

Жакында мамлекеттик телеканалда (18 же 19 жаштагы) Майде Хожабри аттуу кыз өлкөдөгү моралдык эрежелерди бузганын моюнга алып, башкаларды анын кылыгын кайталабоого чакырганы тартылган видео көрсөтүлдү. Видеодо анын жүзү жашырылган, бирок ушундай эле айып менен кармалган башка бир нечесинин бети ачык көрсөтүлгөн.

Буга чейин мамлекеттик телеканалдарда өлкөдөгү түрдүү эрежелерди бузгандыгына өкүнүчүн билдирген адамдар тууралуу сюжеттер бир канча жолу көрсөтүлгөн. Укук коргоочулардын айтымдарында, алардын көбү камера алдында сүйлөп берүүгө мажбурланышат. Иран бийлиги коомдук жайда бийлөө ислам дининин талаптарына каршы келет деп ага тыюу салган.

Майде Хожабринин «Инстаграмдагы» баракчасында поп-музыканын жана рэптин коштоосунда бийлеген ондогон сүрөт жана видеолору бар. Аларда ал жүзүн жана денесин ислам дини талап кылгандай жапкан эмес.

Айрым маалыматтарга караганда, учурда кыз күрөө менен бошотулган. Ирандын полициясы буга чейин «Инстаграмдагы» бул сыяктуу аккаунттарды жабууну убадалаган.

БУЛАК:saat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу