ВИДЕО: Жемкордукту көргүң келсе Борбордук мечит менен Жогорку Нарын каскадын салыштыр

Орусиядан Жогорку Нарын ГЭСи каскадын курам деп келген “РусГидро” болоор-болбос курулуштарды куруп коюп, жыйынтыгында “силер бизге 37 млн доллар карызсыңар” деген доо койгон.

Бирок, “атамекенчи” депутаттар бул сумманын тууралыгынан шектенип, жерине барып текшерип келишкен. Текшерүү көрсөткөндөй, Нарын дарыясынын боюна көпүрө, жумушчулар жашай турган чакан шаарча, жана башка бир нече майда барат объекттер курулган. Лагерь контейнерлерден курулуп, ичи жашоого ыңгайлаштырып жасалгаланган.

Натыйжада, иштеттик деген 37 миллиондун кеминде жарымы жеке чөнтөктөргө агып кеткени ачыкка чыккан. Депутат Алмамбет Шыкмаматов “объекттерди курууга кеткен 37 млн доллар эки эсе ашыра көрсөтүлгөн” деп билдирген. “Башка чыгымдар” беренеси боюнча эле 113 млн сом иштетилген. Шыкмаматовдун айтымында, иштеттик деген 37 млн доллар каражаттан аныгында 10 миллиондон ашык сарпталган эмес. Калган 27 млн доллардын кайда жумшалганы дайынсыз бойдон калган – уурулар да кармалбай, ишти ар тараптан жаап-жашыруулар болгон.

Орустардын 37 млн долларынын сарамжалдуу иштетилгендигин текшерүү үчүн ошондой суммага курулган бшка объект менен салыштырып көрүү ылайыктуу. Бул жерде түрктөр куруп берип, жакында ачылган Бишкектеги борбордук мечитти мисалга тартып, эки объектти салыштыруу жетиштүү. Эске салсак, “РусГидро” курган лагерьдин суммасы 37 млн доллар болсо, түрктөр куруп берген мечиттин бюджети 28 млн доллар. Биринчиси контейнерлерден курулган болсо, кийинкисине чет элден алынып келинген кымбат баалуу материалдар колдонулган. Нарындагы жумушчулардын лагери 500-600 кишиге ылайыкталса, мечит 8 миң кишиге эсептелген.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу