“Кыргызым жамбаштап жата гой, сага жарашат”,-дешип Мерген Турган менен Назира Айтбекова Гүлзат Мамытбекти тамашалап өздөрүнүн социалдык баракчаларына видео калтырышкан.
Анда, “Тамашөкөй Мерген агам экөөбүздөн жылмаюу. Давлэээна болуп, нерфффиңерди жукартып, болгон чач — пачыңарды жулмалабай эле «бырс » күлүп койгула! Юморду өстүрөлү! Жакшы нерсе. Өзүңө күлгөндү билсең, андан сонун. Турагойдун какшык варианты”,-деп калтырган Айтбекова.
Көпчүлүк интернет колдонуучулардын кыжырын кайнаткан бул видеого “Эми кыргыздарды тургузуп бүтүп, жаткырмайыңар калдыбы? Атың чыкпаса жер өрттө болуп, ушул силер тажаттыңар?”,-деген сын пикирлерин калтырышууда.
Булак: Zaman.kg