Видео — “Газпром” элди уулап жатабы?! Гендиректор Болот Абилдаев….

Белгилүү болгондой “Газпром” компаниясы Кыргызстанды газ менен толук камсыздоого билек түрү киришкенден бери, бир топ жерлерге, айрыкча Бишкектин жака –белиндеги жаңы конуштарга газды киргизүү иштерин катуу жүргүзүп жатат. Бирок сапатка басым жасабай, санга басым жасап жатышкандай. Сөзүбүз кургак болбош үчүн буга бир мисал айталы. Редакциябызга Ак – Өргө жаңы конушунда 1997-жылдан бери жашап келаткан Абдирашитова Шайыргүл эже кайрылды. Анын айтымына караганда, “Газпромдун” жумушчулары 27-ноябрь күнү үйүнүн түбүндөгү газ түтүгүн киргизүү үчүн эксковатр менен каза баштаган. Шайыр эже, жумушчуларга  ал жерде көчөдөн үйгө кеткен таза суунун түтүгү бар экенин, абайлаш керек экендигин жакшылап эскерткендигине карабай, алар трактор менен таза суунун турбасынан 3 метрдей жерин апчып жулуп салышкан. Анысы аз келгенсип, дубалын да койгулашып, жарака кетиришкен.  Натыйжада алар жулунган турбаны дароо калыбына келтирип беришкен эмес. Бир күндөн кийин гана 3 метрдей башка турба алып келип, ширетип, оңдошкон. Бирок эң кызыгы, алар суунун  турбасын эмес, газга колдонуп жүргөн эски турбаны ширетип, калыбына келтиришкен экен.   Ошондон улам Шайыр эженин үйүндөгү таза суу булганып, бүгүнкү күнгө чейин сасык жыт жана газ жыттанып агып жатат. Ал сууну даамдай электе эле,  жыты  каңылжарды жарып, тилди, тамакты ачыштырат экен. Буга эженин кошуналары да күбө болушкан.

https://youtube.com/watch?v=zviGwq-mrDE

Үй ээси бир жумадан бери бул сууну ичүүгө мажбур болуп келген. Кечээ күнү Мамэкотехинспекцияга, “ Бишкеканалга” арыз менен кайрылган. Бирок аталган мекеменин адисттери сууну, суу турбасынын ордуна коюлган газдын турбасын текшере элек. Бүгүн текшере турганын айтышкан. Ал ортодо “Газпромдун” жумушчулары бул талапка ылайык келбеген шалаакылык иштерин эч кимге билдирбей, газдын турбасын кесип салып, кайра суунун турбасын ширеткенге абдан аракет кылып турушат.  Шайыр эже, “Газпромдон” жарака кеткен дубалын тургузуп, материалдык-моралдык чыгымды төлөп беришин талап кылууда. Бул жагынан кеп жок. Ким  ушундай басмырлоого туш келсе, баары тең талапты бирдей коёт деңизчи.

“Газпромдун” ишке кайдыгер караган жумушчулары элди кууратып, башка жаңы конуштарда дагы ушул сыякту уиштерди жасап жаткан жокпу? Албетте, кепилдик жок. “Газпромдун” генералдык директору Абдилдаев Болот мындай мыйзам бузууларга жол бербеши керек. Жумушчуларына, өзү жетектеген жеке копаниялардын ишине тыкыр көз салышы зарыл. Болбосо, акчанын артынан кубалашкан фирмаларга элди минтип газдын турбасы менен элди уулагыла деп ким укук берди? Болот мырза, биз жазган бул маселени өзү көзөмөлгө алып, калыс чечим чыгарат деген ишеничтебиз.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу