Видео — Бурулайдын адвокаттары ишти карап жаткан сотко ишеним көрсөтүшкөн жок

Ала качууга туш болуп, үйлөнөм деген жигиттин колунан ажал тапканы айтылган Бурулайдын жактоочулары ишти карап жаткан сотко ишеним көрсөтүшкөн жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” кыздын атасы Турдаалы Кожоналиевдин адвокаты Есения Рамазанова билдирди. Анын айтымында, ишти Чүйдүн Жайыл райондук соту караса, кызыкчылыктар роль ойноп, акыйкат чечим чыкпашы мүмкүн:

— Жайыл райондук соту ишти Чүй облустук сотуна биздин бир нече жолку суранычыбыздан кийин гана өткөрүп берди. Эми ал соттун чечими менен гана сот отуруму качан жана кайсыл жерде өтөрү белгилүү болот. Милиция кызматкерлери буга чейин ишти карап жаткан сот менен тааныш. Бир райондо жашашат. Иш боюнча кезигип жүрүшкөн. Ошондуктан акыйкат чечимди талап кылып, ушундай өтүнүч менен кайрылдык.

Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө байланыштуу милиция кызматкерлеринин үстүнөн козголгон ишти 24-сентябрда Жайыл райондук соту караган. 5-сентябрда шектүү Марс Бөдөшевдин ишин кароодо эле соттук отурумда Жайыл райондук сотуна жана прокуратурасына ишенбестик көрсөтүп, Бишкектин Свердлов райондук сотуна өткөрүү тууралуу өтүнүч келтирилген. Кийинки сот отурумдары качан боллору белгисиз.

Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө киши колдуу болгон. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.

Бул фактыга байланыштуу 23 милиция кызматкери тартиптик жазага тартылып, 13ү иштен бошотулган. Жайыл райондук прокуратурасы милиция кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгү («Өз ишине шалаакы мамиле») менен кылмыш ишин козгогон.

Ал эми кылмышка шектүү деп кармалган Марс Бөдөшевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси («Киши өлтүрүү») менен козголгон ишти Жайыл райондук ички иштер башкармалыгы иликтеген.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу