ВИДЕО — Белгилүү сүрөтчү Үсөн Сарыбаевдин боорун алмаштырууга 29 миӊ доллар керек (маек)

Чыгармачылыкка бала кезинен аралашып сүрөтчү катары буга чейин миӊдеген сүрөттөрдү тарткан кыргыз элинин чыгаан сүрөтчүлөрүнүн бири Үсөн Сарыбаев агабыздын катуу ооруп жаткандыгын угуп, ага  жакында барып ден-соолугунан кабар алып, баарлашып келдик.  Араӊ сүйлөп,  кыйналып турса да элден жардам сураганды жактырбаган таланттуу агабыз кеп кезегинде: “Ушул 66 жашка келгиче бир дагы сыйлык алган эмесмин. Мени эстеген эчким жок” деп кейиди.

 —Үсөн байке,  канча убакыттан бери ооруп жатасыз?  

 —Бир жыл болуп калды. Бул оорунун кесепетинен шал болуп калышым мүмкүн экен.

—Жалпы коомчулуктан тышкары мамлекеттен жардам сурап жатасыз да?

 —Жок.  Уят да эми. Ар ким өзүнүн тирилигин кылып жаткан учурда.

—Бирок өз каалоосу менен сиздин чыгармачыл инсан катары билгендер жардам беришсе баш тартпайсыз да. Баарыбызга эле ден-соолук керек эмеспи.  Учурда кайрымдуулукка көӊүл бургандар көп эле болуп жатпайбы. Байбичеӊиз Нурия эже: “ Биз угуп жатабыз. Индиядан боорду алмаштырганга 29 миӊ доллар кетет экен” деп айтты.  Эми андай мүмкүнчүлүгүӊүз жок болгондон кийин уят деп тартынганыӊыз бир чети туура эмес болуп калат го дейм.

 —Тескерисинче  тартынбаганым туура эмес болуп калат го.

—Сиз эми кыргыз элине чыгаан сүрөтчү катары белгилүүсүз. Чыгармачылыгыӊыз тууралуу айтып берсеӊиз. Канча жашыӊыздан баштап сүрөт тарта баштадыӊыз?

 —Чыгармачылыкка беш, алты жашымда аралашып сыя менен сүрөт тарттым. Көп эле көргөзмө уюштурдум.  “Кыргыздар” деген картинам жакшы бааланды. Көпчүлүк бийик баасын беришти.

—Бул картинаӊыз азыркы кезде Тарых музейинде турат. Кайсы жылы тарттыӊыз эле. Ал картинаӊызда кыргыздын залкарларынан канча киши бар?

 —Бул картинада көзү өтүп кеткендерди кошкондо Чыӊгыз Айтматов баштаган 62 киши бар. Картина он жылдын аралыгында тартылган. Бул эмгегим жаралганда мурунку спикер Асылбек Жээнбеков 200 миӊ сомго сатып алып, Тарых музейине койдурган.  Эми дагы эмгегим бааланса деп күтүп жатам.

—Бүгүнкү күнгө чейин болжол менен канча сүрөт тарттыӊыз?

 —Миӊдеген сүрөттөрдү тарттым. Алардын арасында көбүнчө портрет басымдуулук кылат го.

—Сизден биртоп жаш сүрөтчүлөр мамлекеттик сыйлыктарды алып жүргөнүн угуп, көрүп жатабыз. Сиздин кандай сыйлык-наамдарыӊыз бар?

 —Ушул 66 жашка келгиче бир дагы сыйлык алган эмесмин. Мени эстеген эч ким жок. Буга чейин Кыргызстанда көп эле сүрөт көргөзмөлөрүм өткөрүлгөндөн тышкары чет мамлекеттерге да картиналарым жөнөтүлдү.

—Сүрөтчүлүктөн тышкары калемгер катары биртоп китептерди жазып жарыкка чыгарган экенсиз. Эми китептериӊиз тууралуу да айтып берсеӊиз?

 —Рыспай Абдыкадыров менин айылдашым болот. Алгач ал кишинин  чыгармачылыгы  тууралуу  “Эӊсеген  менин обонум” деген китепти жазгам.  Андан кийин  2007-жылы жалаӊ өзүмдүн аӊгемелеримден топтолгон  “Ажике аӊгемелери”  аталышындагы китебим чыккан. Быйыл болсо “Бүтпөгөн портрет”  деген повестим китеп болуп жарыкка чыкты.

Нурия Табалдиева, Үсөн Сарыбаевдин жубайы:

“Боору таптакыр эле кургап калган экен” 

—Абышкам өткөн жылдын  май айынан  баштап ооруп жатат. Буга чейин үч жолу ооруканага жатты. Алгач оорусу гепатит болуп акырында күчөп кеткендиктен боорун алмаштырууга туура келип жатат. Индиядан боорун алмаштырганга 29 миӊ доллар керектелет экен. Мурунку спикер Асылбек Жээнбековго жолуга албай жатат. Коомчулуктан деле жардам сураган жокпуз. Дарылардын баары кымбат экен. Чыгармачылыгы тууралуу айта турган болсом:  мурун эки  китебин чыгарган эле , көргөзмөгө коюш үчүн  картиналарынын баарын даярдап койгон, ооруп калгандан кийин  жанталашып үчүнчү китебин чыгарды.  Учурда оорунун азабынан ахыбалы бир топ эле оор болуп жатат. Боору таптакыр эле кургап калган экен. Бир картинасын он жыл тартты. Ошондо деле өкмөт тараптан эмгеги татыктуу бааланган деле жок. Бир гана Сүрөтчүлөр союзунун жана  Жазуучулар союзунун мүчөсү. Башка  наамы жок.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу