Видео — Асел Кадырбекова алгачкы жар-жар ырын фонограмма менен баштадыбы?

Белгилүү ырчы Асел Кадырбекова “Биринчи жолу жар-жар айттым”,-деп өзүнүн Инстаграм баракчасына бөлүштү.

Анда: “Бүгүн мен үчүн эң жакшы күндөрдүн бири. Жалгыз кайын сиңдимди турмушка узатып, кыргыздын салты менен жеңелик милдетимди аткарып, биринчи жолу жар-жар айтып чыктым”, — деп жазып калтырган.

Чамасы ырчы айым мындан кийин да  жар-жар ырын айтууга камынгандай. Негизи эле Кыргызстанда жар-жар айткан эстрада ырчылар көп санды түзөт. Мисалга алсак, Айгерим Расул кызы, Неля, Анжелика жана башкалар. Эгерде, Асел Кадырбекова чынында эле жар-жар ырын ырдоого бел байлап жатса, анда, жандуу үнгө басым жасайбы же фонограммагабы?

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу