ВИДЕО-Анжелика, ырчы: 21 жылдын ичинде 87 диплом алдым…

Анжелика Кайратовна тууралуу тараган видеого намыстанган ырчы, чындыкты маалымдады. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм социалдык баракчасына жазды.

“Башында күлдүм бул ушакты көрүп алып. Эми чындап мени жана менеджерлеримди тынчсыздандырып жатканыңыздар үчүн жооп: Катуу кетип бара жатасыздар туугандарым. Менин сиздерге кандай тоскоолдугум бар? Анжелика Ош шаарында 31-август күнү сахнада микрофонун тескери кармап сүйлөду деп ушак таратып, бирөөнүн кызыкчылыгына катуу иштеп жаткан эки-үч Мырза! Аман болгула. Ушул ушакты ютуб каналына жүктөп каткырып, шылдыңдаганыңар атайлап жасаган жумуш. Ырым бүтөөрү менен пульттан микрофондун үнүн басып, ошол убакта атайлап видеого тартып, кайдагы баракчаларды ачып, уят деп жазып жатасыңар. 21 жылдын ичинде 87 диплом алыптырмын 2005-2009-2010-2013-жылдар бою мыкты ырчы наамында болгом. Социалдык долбоордун үстүндө эмгектенип келебиз. Чынын айтсам Маданият министрлигинде резюмем ачылбастан чаң басып жатат”,-деп жазды Анжелика.

Эскерте кетсек, буга чейин 31-августа Ош шаарында ырдап жаткан видеосун хейтерлер фотошоп кылып жасашып «Анжелика фонаграмма ырдап жатат, микрофонду тескери кармап алган. Ырчы айым уят болду»,- деп жазышкан.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу