Видео. Америкалык гимнастканын бийи 2 күндүн ичинде интернеттен 32 миллион жолу көрүлдү

Америкалык гимнастка Кетилин Охашинин студентер арасында болуп өткөн турнирдеги бийи интернетти жарды. Бул видео Under Armour 2019 Collegiate Challenge иш-чарасында тартылган. 

 Ролик Twitter тармагына 13 январь күнү кечинде жарыяланып бир сутка ичинде 17 миллион, 15 январь күнү кечинде 32 миллион ирет каралган. 

21 жаштагы Кетелин Охаши денесинин болуп көрбөгөндөй ийилчеги жана акробатикалык сонун учурларды көрсөткөн. Калифорния университетинин спортчусу бул кереметтүү номери үчүн жогорку баа алган.

Булак: Барометр

Аргумент.kg
Жооп калтыруу