ВИДЕО: Алмазбек Атамбаев Илмияновго «духту» түшүрбө…

Экс-президент Алмазбек Атамбаев ишенимдүү адамы Икрамжан Илмияновдун камакка алынаары менен Кыргызстандын аймагынан чыгып кетти.

КСДП партиясы бул тууралуу үн катып, Атамбаев Азиядагы саясий партиялардын эл аралык конференциясынын Х башкы ассамблеясына катышуу үчүн Москва шаарына учуп кеткендигин маалымдаса, коомдо анын өлкөдөн чыгып кетүүсүнө байланыштуу ар кандай ойлор жаралып, айрымы аны качып кетти-деп кайра кайтып келбейт деген ойлорун ортого салышууда.

Атамбаев кошкош деп, Илмиянов кишенчен калды

Экс ажоонун жакын адамы Илмияновдун баш коргоо чарасы аныкталгандан кийин дароо Алмазбек Атамбаев өлкөнүн аймагынан чыгып кетти…

Бир кездеги Нарын губернатору, дал ушул Атамбаевдин бийлигинин алгачкы жылдарындагы Башкаруу академиясынын ректору болгон Алмазбек Акматалиев  төмөндөгүчө оюн социалдык тармактарга жарыялады.

“Өмүрүндө партиялык чоң иш чараларга Атамбаев катышкан эмес, мындай иштерге көңүл бурган да эмес. Жеңеси боюнча: ишенимдүү маалыматтарга таянсак маркум агасы менен жеңеси мындан 30 мурун эле ажырашып, жеңеси Россияда калып, агасы Өзбекстанда жалгыз бой эле жашап келген. Ушундан улам экстин Россияга учкан 2 максаты тең анча ишенимдүү эместей сезилет.”

Эгерде Атамбаевдин партиясынын маалыматына ишенсек, экс-ажо Кыргызстанга 28-октябрь күнү кайра кайтып келиши керек. Эгер эле башка кутуусуз жагдайлар чыгып калбаса. Кененирээк төмөнкү видео материалдан көрүңүздөр.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу